Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Телерадио кызматкерлерине сыйлыктар берилди


Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын камералык хорунун башкы хормейстери Күлбара Маматова, «Кыргыз радиосунун» башкы редакторунун орун басары Жамиля Маматова жана «Дөөлөт» студиясынын башкы редактору Орозбек Мусакеев сыйланды.
«Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам республикалык радиотелеборбордун видеомагниттик жазуу цехинин жетектөөчү инженери Орозсалтан Хайдаровага берилди. Ошондой эле УТРКнын бир катар кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланды. (AzK)

XS
SM
MD
LG