Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

БУУ: Быйылкы жыл тарыхтагы эң жылуу жылдардын бири


Копенгаген шаарында Улуттар Уюмунун климат боюнча өтүп жаткан жыйынында Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун өкүлү бүгүн айткан маалыматка караганда, 2009-жыл тарыхтагы эң жылуу болгон он жылдын бири болуп эсептелет. Уюмдун башчысы Мишель Жерроунун айтымында, 1850-жылдан берки байкоолорго караганда, быйылкы жыл эң жылуу болгон жылдар арасында бешинчи орунга чыкты. Кечээ Копенгаген шаарында дүйнөнүн 192 мамлекети катышкан климат боюнча жыйын башталган.

 

XS
SM
MD
LG