Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Орусияда паракорлук көзөмөлдөн чыктыбы?


Орусиядагы анти-коррупциялык демонстрациядан көрүнүш, август, 2009-жыл.
Орусиядагы анти-коррупциялык демонстрациядан көрүнүш, август, 2009-жыл.

Орусияда бийликтер өлкөдө кеңири кулач жайган коррупция менен күрөш жүргүзүп жаткандыгын айтып келет. Бирок калк арасында бул көрүнүш менен күрөшкөн адамдардын өздөрүн биринчи паракорлор деп эсептешет. Орусиядагы коррупцияга арналган программабыздын экинчи бөлүгүндө "Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Грегори Файгер кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен жокпу деген тынчсызданууга кайрылат.

Евгений Ткачук иш сапарында жүргөндө анын Москванын жака-белиндеги батирине полиция түн ортосунда эшик кагып келген:

- Алгач өйдөкү кабатка, кайненемдикине барышыптыр. Үйүн астын-үстүн кылып чачышыптыр. Анан менин эшигимди койгулашкан. Үйдө менин кичинекей балам бар болчу, ага «эшикти сындырабыз» деп кыйкырышыптыр.

Дүңү менен соода кылган чакан ишканасы бар Ткачукка полиция өзүн коркутуп акча алгысы келген шериги менен чатагынан кийин асыла баштаган. Кийин ага алдамчылык бойунча айып коюшат. Эки жолу сот анын күнөөсү жок экендигин бышыктаса да, тергөө үч жылга созулат. Өзүнө өлкөдөн кетүүгө тыйуу салынат, ишканасы банкрот болуп, карызга батат.

Ткачукка бюрократтар «баары биз айткандай болот» деп бетке эле айтышкан:

- Россияда түзүлгөн бийлик вертикалы эң жогорудан башкарылат. Төмөн жактагылар жетекчилери өздөрүн канатына калкалап калаарын жакшы билишет.

Мындай окуялар Орусияда катардагы көрүнүш болгондуктан, көпчүлүк мыйзам коргоочулар кылмыштардын бетин ачпай эле, капчыгын кампайтуу менен алек деп билишет. Өкмөттүн эсебинде, жол полициясына акча төлөөгө аргасыз болгон айдоочудан тартып өкмөт инспекторлору ишканабызды жаап салбасын деп коркок-билиш болгон бизнесмендер Россияда жыл сайын мамлекеттик кызматта отургандарга 300 миллиард доллар пара беришет. Мунун өзү бул кызматкерлердин турмуш деңгээли кыйла жогору экендигине кабар берет.

Кирил Кабанов мурда коопсуздук кызматкери болгон. Азыр «Улуттук анти-коррупциялык комитет» деп аталган жеке менчик уюмду жетектейт. Анын айтымында, мамлекеттик бюрократтар Орусиядагы эң бай адамдардын катарына кирет:

- Сен мамлекеттик кызматка келдиң дейли. Таанышың аркылуу ишке орноштуң, эми сенин кызмат ордуң бар, кылган ишиң болгону акча чогултмай болот. Бүрөкраттар эң кымбат машиналарды айдап жүрүшөт, заңгыраган үйлөрдө турушат. Эң башкысы - аларда эч ким менин кылымды кыйшайта албайт деген ишеним бар.

Айтылган сөз тартип коргоочуларга да тийешелүү. Көпчүлүктүн ишениминде, алардын көбү кылмыштарды иликтөөнүн ордуна кылмыш иштерин ойлоп чыгарып, бирөөлөрдүн мойнуна илүүнүн амалында жүрүшөт. Милиция ошондой эле кылмыштар боюнча планды аткарыш үчүн кээде күнөөсүз адамдарга кине койуп, фактыларды бурмалоого көп убактысын жумшашат.

Милициянын майору Алексей Дымовский өткөн айда күнөөсүз адамдарды камакка алууга буйрук берген өз жетекчилерин сындап, интернеттеги «ЮТЮБ» сайтына видеосун жайгаштырган эле:

- Келгиле, биз өз жетекчилерибизге «Биз силер менен иштегибиз келбейт» деп айталы. Эмне үчүн биз өз абийирибизди өзүбүз тепсешибиз керек?

Дымовский бул чакырыгынан кийин кызматынан айрылды, иши азыр тергөөдө. Владивостокто дагы бир чынчыл офицер, милициянын полковниги Александр Астафев ишканаларды коррупциялашкан бюрократтардын аркасы менен тартып алган кылмыштар тууралуу айтып чыга турган болгондо өзүнө каршы кылмыш иши козголгон.

«Улуттук анти-коррупцийалык комитеттин» жетекчиси Кабанов ишке тапанча менен барат. «Коррупцияны териштирүү согушта жүргөндөй», дейт ал. Жакында кабыл алынган экстремизмге каршы мыйзамда мамлекеттик кызматкерлердин абройуна шек келтирүү кылмыш деп аныкталган эле. Ушуга байланыштуу Кабанов паракорлордун былык иштерин ачыкка чыгаруу аракетинин өзү мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирүүгө теңдештирилип жаткандыгын белгилейт:

- Эми бюрократты «ууру» десең, өзүң экстремист деп соттолуп кетишиң мүмкүн.

Мамлекеттик кызмат орундары сатылат экен деген сөз Кыргызстанда деле көп айтылат. Орусияда да бул кадыресе көрүнүш деп саналат. Натыйжада Москвада милиция башчысы өзү супермаркетте туш келди ок ачып, 3 кишини атып өлтүргөндөй учурларга таң калып болбойт.

Орус сыналгысынан ал офицер башынан эле коррупциялашкан чоң муштум катары таанылгандыгы кабарланды. Ал өз кызмат ордун сатып алыптыр деген каңшаардан улам, кесиптик даярдыгы ылайыксыз милиция кызматкерлеринин коркунучу тууралуу кыйла талкуу болду, президент Дмитрий Медведев Москва милициясынын башчысын кызматтан алды. Бирок активисттер Кремлдин коррупция менен күрөшү сын пикир айткандарды жок кылып, жетиштүү пара чогулта албагандардан арылуу менен чектелээрин айтышат. Ал эми Кабановдун ырастоосунда, Орусияда соңку жылдары бир да чоң паракор жаза алган жок. «Мунун натыйжасында бүгүн өлкөдө мамлекеттик кызматкер билгенин кылып калды»,- дейт ал.

XS
SM
MD
LG