Бүгүн Ирактын борбору Багдадда бир нече жерде болгон жардыруулардан 127 тургун каза таап, төрт жүздөй жайкын адам жаракат алды. Жардыруулардын бири полицей кароолуна багытталды. Багдаддагы үч министрликтин, анын ичинде Эмгек жана социалдык коргоо, Ички иштер министрликтеринин имараттарынын жанында бомба коюлган төрт автомашина жардырылды. Бул тууралу «Азаттыктын» ирак кызматынын кабарчысы Халид Валид билдирди.
Бул 25-октябрдан берки эң чоң жардыруулардын бири, ал жолу эки чоң машина жарылып, андан 155 киши каза тапкан эле.
Бул 25-октябрдан берки эң чоң жардыруулардын бири, ал жолу эки чоң машина жарылып, андан 155 киши каза тапкан эле.