Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Токтогул ГЭСиндеги бузулган агрегаттар ишке кирди


Нарын каскадынын башкы инженери Таалайбек Толубаевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча биринчи агрегат 8-декабрда саат 14:30да, экинчиси саат 21:55те толугу менен оңдолуп, ишке кирди. “ГЭСтин иши кадимкидей жүрүп жатат, кооптонууга негиз жок,” деп билдирди Таалайбек Толубаев.

Белгилүү болгондой 8-декабрь күнү эрте менен Токтогул ГЭСиндеги эки агрегат иштен чыккан. Адистер алардын иштөө мөөнөтү капкачан аяктап, эскилиги жеткендигинен улам ушундай болгонун билдиришүүдө.
Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке кирген, чөйчөгүнө 19 млрд. метр куб суу батат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG