Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

Журналист К. Жолдошев кайрадан коркутууларга кабылды


Журналистин “Азаттыкка” билдиргени боюнча ага белгисиз номурлардан чөнтөк телефонуна коркутуп-үркүткөн чалуулар жана түрдүү билдирүүлөр көбөйө баштады. Анын айтуусунда журналистти коркуткандар “тирүү калганыңа сүйүн, жөн жүрбөсөң мындан кийин аябайбыз” деген сөздөрдү айтышууда. Коркутуп-үркүтүүлөрдү кесиптик ишмердиги менен байланыштырган К. Жолдошев шаардык ИИБга арыз менен кайрылды. Шаардык милициянын өкүлү Сыргак Айтургановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча журналисттин арызы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

“Ош шамы” гезитинин кабарчылар түйүнүнүн башчысы К. Жолдошев ноябрь айынын башында белгисиз бирөөлөр тарабынан токмоктолуп, бир нече күн ооруканага жатып чыккан.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG