Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Ооган бийлиги НАТОну бейкүнөө адамдардын өлүмү үчүн айыптады


Ооган өкмөтү НАТО күчтөрү өлкөнүн чыгышында жүргүзгөн операция маалында 6 жайкын тургун набыт кеткенин ырастоодо. Түндүк альянс Лагман чөлкөмүндөгү ок атышуудан согушкерлер гана жок кылынган деген жооп кайтарды. Президент Хамид Карзай "бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү" айыптады. Карапайым тургундардын өлүмүнө наарызылык билдирип вилайеттин борбор шаары Мехтар Ламдын көчөлөрүнө жүздөгөн адам чыкты. Алар полиция менен кагылыша кетип, тартип коргоочулар ачкан октон 2 киши мерт болду.

XS
SM
MD
LG