Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Иран бийлиги оппозицияны катуу жазалай турганын айтууда


Ирандын бийликтери экинчи күнү катары менен нааразылык акциясын уюштуруп жаткан оппозицияны катуу жазалай турганын айтты. Эки күндөн бери полиция менен демонстранттардын ортосунда катуу кагылышуулар болуп жатат. ИРНА агенттигинин маалыматы боюнча, баш прокурор Голамхоссейн Мохсени-Эджеи «мамлекеттин коопсуздугуна» коркунуч келтирип жаткандар аёосуз жазаланаарын билдирген.

Оппозиция июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык акциясын дагы эле улантууда, ал ирет Махмуд Ахмединежад кайра утту деп айтылган болчу.

XS
SM
MD
LG