Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Пермь крайынын өкмөтү кызматтан кетти


Крайдын мамлекеттик бийлигинин маалыматына караганда, крайдын өкмөтү «Аксат ат» деп аталган түнкү клубдагы өрткө байланыштуу кызматтан кетти. Губернатор Олег Чиркуновдун айтмында, жаңы өкмөттүн курамы өрттүн себептери иликтенгенден кийин түзүлмөкчү.

Өрттөн каза тапкандардын саны 124кө жетти, ооруканаларда акыркы каза болгон төрт адамдын катарында түнкү клубдун арендатору Александр Титлянов дагы бар. Дагы төрт адам өрт коопсуздугун сактабаганы үчүн камалып, дагы бир нече чиновник кызматтарынан кетишти.

Кечээ премьер В.Путин Перьмге барып, каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, алардын үй-бүлөсүнүн ар бирине 17 миң доллардан компенсация бериле турганын айткан эле.

XS
SM
MD
LG