Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Жаңы конуштарда жарык күнү-түнү өчүрүлүүдө

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаков билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги 47 жаңы конуштун 35де жарык күндүзү да, түнкүсү да өчүрүлүүдө. Мектептерде да жарык 5-10 саат бою жок болуп калууда. Энергетиктер жарыкты өз убагында калыбына келтирүүгө аракеттенбей жатышат. Бул маселени өкмөт көзөмөлгө алыш керек.(AiT)
XS
SM
MD
LG