Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Д.Эсеналиев: Радикалдык саясаттын келечеги болбойт


Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Досалы Эсеналиев Роза Отунбаеванын сынына жооп берип жатып,адам укуктарынын сакталышына жалпы элдин турмушуна карап баа берүүгө үндөдү. Бул багытта эл президенттин саясатын оң баалап, дагы бир мөөнөткө шайлап алды, деп атады. Эсеналиеванын айтымында, Роза Отунбаева эмоцияга алдырып, фактылар менен сүйлөгөн жок. Социал-демократиялык фракция радикалдык багытта баратат. Бул саясаттын келечеги болбойт жана жакшылыкка алып келбейт.
Отунбаева өз сөзүндө 9-декабрда кечинде “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаков, саясат таануучу Александр Князов катуу сабалганын, Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Петровка, Балыкчыда соттолуп жатканын белгилеп, ошол эле мезгилде президент Бакиев өз уулун Акүйгө кызматка коюп, өзүнүн орун басарлыгына дайындап алганын атаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG