Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Болот Жанузаковдун абалы дурус болуп калды


Бул тууралуу анын иниси Канат Жанузаков бүгүн “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, азыркы мезгилде Болот Жанузаков өзүнө келди. Буттары гипске салынды. Белгилүү болгондой Жанузаковду 9-декабрда кечинде белгисиз бирөөлөр сабап кеткен. Канат Жанузаковдун пикиринде, бул сабоонун себеби Болот Жанузаковдун мурунку президент Аскар Акаевди Чыңгыз Айтматовдун ашына келүүсүн уюштуруу иштерин жасап жүрүүсүнө байланыштуу болду. Сабаган адамдар Б.Жанузаковдун телефонун алып кетишкен. Бирок акча жана башка нерселерине тийген эмес.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдирүүсүнө караганда, Александр Князев жана Болот Жанузаковдун сабалышы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

КМШ өлкөлөрүнүн аймактык институтунунун директору Александр Князев да кечээ (9-декабрда) саат 19:30 чамасында кол салууга кабылган. Ага үйүнүн жанынан күтүп турушкан белгисиз төрт киши кол салып, ур-токмокко алгандан кийин ноутбук салынган баштыгын алып кетишкен. Саясат таануучу бул ишти саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG