Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Борбор Азиядагы эркин базар институту Тажикстанда өкүлчүлүгүн ачты


Аталган институттун жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай аракеттин артында Борбор Азиянын ар бир өлкөсүндө позитивдүү экономикалык реформаларды жүргүзүү максаты турат. Борбор Азиядагы эркин базар институту Кыргызстанда 2009-жылдын апрель айында түзүлгөн. Анын негизги максаты - Кыргызстанда базар экономикасынын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, анын жыйынтыктарын элге, өкмөткө сунуштоо болуп саналат. Институттун программалары аркылуу 8 айдын ичинде 1060 адам талкуу, атайын окутуу жана семинарлардан өткөн. Мындай өкүлчүлүктүн жакынкы келечекте Казакстанда да ачылышы пландалууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG