Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Бүгүн “Жарандар коррупцияга каршы” уюмуна эл аралык сыйлык ыйгарылат


Кыргызстандык Жарандар коррупцияга каршы бейөкмөт уюму Франциянын укук коргоо тармагындагы сыйлыгына татыктуу болду. “Эркиндик. Теңдик. Боордоштук. (Liberte.Egalite.Fraternite)” деген быйылкы сыйлык кыргызстандык топко адам укуктарын коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү, атап айтканда адам укуктарын чагылдырган, өзүн өзү цензуралабаган жаш журналисттерди даярдоо боюнча долбоору үчүн берилмекчи. Сыйлык бүгүн Парижде уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер тарабынан Бишкек убактысы боюнча саат 22:00 дө тапшырылат деп күтүлүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG