Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Эмдиги жыл бюджети өкмөт талкуусунан өттү


10-декабрда өкмөт эмдиги жыл бюджети, кийинки үч жылдын болжолу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап, 14-декабрда аны парламентке сунуштоо чечимин кабыл алды. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 65 миллиарддан ашуун сомду түзөт. Күтүлгөн киреше менен мамлекеттик чыгымдоолордун ортосундагы айырма - бюджет таңкыстыгы 12 миллиард сомго чыкты.

Негизги экономикалык документтин бул жылы маалынан кыйла кечигип даярдалышы башкаруу реформасына байланыштуу болду. Өкмөт аны августтун соңунда эле парламентке сунуштап, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү аныктап берген. Жайкы каникулдан келген парламент ишин баштаган күнү президенттин башкаруу реформасы жарыяланып, анын негизинде өкмөттүн экономикалык саясаты толугу менен жаңы түзүм Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигине өтүп, аткаруу бийлиги көбүнесе социалдык маселелерге көңүлүн буруп, бюджет түзүп, аны көзөмөлдөө милдетин аркалоодо.

1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун ырасташынча, 2010-жылдын бюджети керектөөчүлүктөн өйдө көтөрүлүп, өнүгүүгө өбөлгө түзчү маанилүү экономикалык мыйзам.

- Бюджеттин чыгаша жагы азыр 65 миллиард сомдун тегерегинде болуп жатат. Дефицитибиз 12-13 миллиард сомдун тегерегинде болуп жатат. Аны тактап жатабыз. Анткени өзүңүздөр билгендей быйыл мына 150 миллион долларды жокко чыгардык. 7 миллиардга жакын сомду, орустар берген жардамды жок кылып алдык. Ошондуктан эмдиги жылы ушул 7 миллиард, анан өзүбүздүн таңкыстык жыл сайын 5-6 миллиард болуп жүрчү эле, ошону кошкондо 12 – 13 миллиард болуп жатат. Ички дүң продуктка караганда бул 5,6 – 5,7% түзүп атат.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов эмдиги жыл бюджетине социалдык колдоого деп 4 миллиард ашуун сом бөлүнүп жатканын маалымдады. Анын ырасташынча, эмдиги жылы ички дүң продукт көлөмү 5,5% көтөрүлүп, сомго которгондо 240,7 миллиардды түзөт. Жыл бою инфляция деңгээли 8% өйдө чыкпасы да болжолдонууда. Жаңы бюджеттин 20 миллиард ашуун сому өнүгүү фондуна которула тургандыгын, башка булактарды кошо келгенде ал 30 миллиардга жакын сомго жетерин, дегеле өнүгүү максатына алдагыдай акча буга чейин дегеле бөлүнбөгөнүн билдирди.

- Реформаны биздин президент баштады. Бул акчаларды өкмөт Өнүгүү фонду аркылуу банк системасына которууну көздөп жатат.

Өнүктүрүү агенттиги ал акчаны жарактуу деп табылган программаларга, долбоорлорго бөлмөкчү. Салык төлөөчүлөрдүн акчасына ээ чыккан жаңы борбордук агенттиктин иш-аракети мамлекет менен жеке ишкерликтин өнөктөштүгү катары сыпатталууда.

Д.Үсөнов өлкө тапкан кирешесине жараша жашашы керектигин, башкаруу реформасына туш келген кыскартуулардан 600 миллион сом түшкөнүн маалымдады.

Эмдиги жыл бюджетинен сөзсүз бөлүнчү акчаларды тармак жетекчилери өздөрү үлөштүрүшөт. Өкмөт башчы акчага толук ээлик кылган жетекчилердин жоопкерчилиги да жогорулай тургандыгын белгиледи. Антип жоопкерчиликти өзүнө алган өзгөчө кырдаалдар министри резервдеги акчадан алып кызматкерлерине Ош шаарында үй куруп берген Камчыбек Ташиевдин аракети өкмөт башчы Данияр Үсөновдун сынына кабылды.

- Эгер эртең бул акчаларды Өзгөчө кырдаалдар министри быйыл пайдалангандай иштетип ийсеңер силер менен жалпы тил таба албайбыз. Бирок резервдеги акчаларды ордуна коюш керек, ал ошол жерде турсун. Мындай кийин мындай иштер...

К.Ташиев: - Данияр Токтогулович, кечиресиз, эгер ушул үйдүн курулушу жөнүндө минтип ойлосоңуз, мен азыр эле кызматтан кетүү жөнүндө арызымды жазам.

- Жаза бериңиз! Каршылык жок.

К.Ташиев: - Мен бүгүн эле арызымды жазам.

Өзгөчө кырдаалдар министри ошентип жыйындан чыгып кетти. Кыргызстандын каржы министри Марат Султанов эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү быйылкыга салыштырмалуу кыйла көбөйгөнүн, болжолдонгон экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышына толук мүмкүнчүлүктөр бардыгын билдирди.

- Жалпысынан мамлекеттик бюджеттин кирешеси 4 миллиард 79 миллион 700 миң сомго көбөйдү.

М.Султанов бул акчалар керектөө бюджетинен өнүгүү бюджетине өтүүнүн эсебинен, экономиканын өнүгүү ырааты болжолдонгон эсептен ашып кетеринен чогуларын ырастады. Өкмөт эмдиги жылы 1 миллиард ашуун доллар инвестиция тартып, анын тең жарымын жогорку чыңалуудагы электр зымдарын орнотууга жумшоону ойлонууда.

XS
SM
MD
LG