Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Еврошаркет Грециядагы бюжеттик кризисти талкуулоодо


Европа биримдигинин лидерлери климаттагы өзгөрүүлөрдү жана экономикалык кризисти талкуулап жатышат. 2 күндүк саммитте 27 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары аба ырайынын глобалдуу ысышына каршы шаркет көрүп жаткан чараларды сөз кылышмакчы. Биримдик өнүгүп келаткан өлкөлөргө бул багытта жардам берүү үчүн 6 миллиард евро бөлүүнү көздөөдө. Андан тышкары лидерлер Грециядагы бюджеттик кризис коркунучу, жалпы экономикалык маселелерди талкуулашат. Германиянын канцлери Ангела Меркел жыйын алдына белгилегендей, биридиктүү валюта - еврону стабилдүү кармап туруу өтө маанилүү. Шаркет Грециядагы экономикалык стабилдүүлүк үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшөт деди Меркел. Анын аралыгында Афины өкмөтү мамлекеттин карызы рекорддук 300 миллиард еврого жеткенин маалымдады. Премьер-министр Георге Папандреу финансылык рынокту тынчытуу максатында бардык партиялардын катышуусунда чукул жыйын өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG