Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Ирак премьери коопсуздук чараларын парламентте айтып берди


Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики атаандаш саясий топторду чалгындо кызматынын жаңы башчысын дайындоого тоскоолдук түзүп жатышат деп айыптады. Айрым маалыматтарга ылайык, Малики мындай билдирүүнү кечээ парламентте шейшемби күнкү терактарга байланыштуу өткөн чукул сессияда жасады. Премьер ошондой эле өлкөнүн коопсуздук күчтөрүн "саясатташтырбоого" үндөдү. 127 кишинин өмүрүн кыйган жардыруулар үчүн жоопкерчиликти Ал-Кайида өзүнө алды. Шаршембиде Малики Багдад шаарынын коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алган. Кол салуулар өкмөттүн март айындагы парламенттик шайлоо алдында коопсуздукту жакшыртуу убадаларына көлөккө түшүрдү.

XS
SM
MD
LG