Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

ЖК “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоду


Жаңы мыйзамга ылайык орун басарлар акыйкатчы сыяктуу эле кол тийбестик мандатка ээ болуп, депутаттар алдында ант берип, 5 жылдык мөөнөт менен шайланышат. Мындан сырткары, орун басарлардын бири аял киши болушу зарыл. Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири депутат Алишер Мамасалиевдин бүгүн парламенттин жыйынында мындай өзгөрүүлөр акыйкатчы жана анын орун басарларынын жоопкерчилигин жогорулатат.

Парламенттин этика жана регламент комитететинде Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев акыйкатчынын жылдык отчету канааттандырарлык болбосо, аны орун басарлары менен кошуп, мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунуштаган. “Жаңы мыйзамга ылайык акыйкатчынын берген жылдык маалыматына Жогорку Кеңеш баа бербейт жана аны кызматтан кетирүүгө укугу жок”, - дейт А.Мамасалиев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG