Бүгүн Санкт-Петербургда өтүүчү кризиске каршы чараларды көрүүгө арналган жыйынга Кыргызстандан премьер-министр Данияр Үсөнов катышмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жыйынга Европа-Азия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөр, Орусия, Белорус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары катышат. Анда Орусия, Белорус жана Казакстан бажы кеңешин түзүү маселеси да каралмакчы. Мындан сырткары азык түлүк коопсуздугу концепциясы боюнча макулдашуусу жана өлкөлөр аралык “Инновациялык биотехника” программасын талкуулоосу күтүлүүдө. (КЕ)