Республикалык психикалык саламаттык борборунда 10-декабрда өрт чыкты. Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын бүгүн берген маалыматы боюнча, эки кабаттуу мекеменин жер төлөсүндө матрацтар күйүп кеткен. Коопсуздук үчүн 110 оорулуу эвакуацияланган. Учурда өрттүн себеби иликтенип жатат. (КЕ)