Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Швейцария Кыргызстандын тигүү тармагына каражат бөлөт


Кыргызстанда өлкөнүн текстилдик тармакты өнүктүрүүнүн үчүнчү фазасы ачылды. Долбоорду Швейцариянын мамлекеттик секретариаты менен Эл аралык соода борбору колдоого алып жатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Швейцария Кыргызстандын тигүү тармагына 1,8 млн. каражат бөлөт.
Өлкөдөгү сооданы өнүктүрүү үч багыт менен жүргүзүлөт: мамлекеттик жана жеке структуралар менен кызматташууну күчөтүү, бизнес чөйрөгө экспорт үчүн шарт түзүү, Бизнес жаатында кызмат көрсөткөн компаниялардын деңгээлин жана сапатын жогорулатуу. Бул тууралуу Швейцариянын мамлекеттик секретариатынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG