Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Фермерлер жер ресурстарын натыйжалуу колдонууну үйрөнүшөт


Бул тууралуу бүгүн “Жерди сактайбыз – азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылабыз” деген аталыштагы тегерек үстөлдө “Жер ресурстарын башкаруу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн демилгеси” долбоорунун жетекчиси Кубанычбек Кулов билдирди. Анын айтымында, региондордо аймактык кеңеш берчү кызматтар иштеп жаткан менен ал калктын 10-15 пайызын гана камтыйт. “Элге кеңири маалымат берүү максатында ар кандай кеңештер камтылган видеофильм тартуу чечимине келдик. Анда дан эгиндерин бардык түрүн өстүрүүнүн жолдору, ыкмалары камтылган материалдар бар. Эгер ар бир үй-бүлө жерди иштетүүнүн жаңы технологияларын колдонсо, биз түшүмдү эки эсе көп алмакпыз”, - дейт К.Кулов. Ушул тапта 500 диск даяр болгон. Андан сырткары ар кандай кеп-кеңештери менен баракчалар даярдалган. Кыргызстанда ички дүң продукциясы 1988-жылга салыштырмалуу эки эсе азайып, 2-2,5 млрд. долларды түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG