Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

К.Ташиев: Өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылам


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулган Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ташиевдин айтымында, ал өз тарапкерлери менен кеңешүүлөрдөн кийин өкмөт башчы Данияр Үсөновду кызматтан кетирүү боюнча тийиштүү кадамдарга барат.
Белгилүү болгондой 10-декабрда өкмөттүн жыйынында Данияр Үсөнов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корундагы 18 млн сомду министр Камчыбек Ташиев мыйзам бузуу менен пайдаланганын жана андай иштер кайталанса кызматтан аларын билдирген. Буга жооп кылган Ташиев кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып берерин билдирип, өкмөттүн жыйынанан чыгып кеткен эле. Маалымат жыйынында Ташиев ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине үйдү президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен салынганын жана президенттин саясатына каршы эместигин кошумчалады. Ташиевдин айтымында, анын өмүрү учурда коркунучта. Анткени тартипсиз өлкөдө өз пикирин айткан адамдар ошондой коркунучка дуушар болот. Эки жылдык эмгегимди эч ким баалабады. Бул тартипсиз өлкөлөрдө боло турган көрүнүш, деп белгиледи Ташиев. (AiT)

XS
SM
MD
LG