Апта көз ирмеми: 5-11-декабрь (ZMa)
1
Норвегиянын борбору Ослодо АКШ президенти Барак Обамага Нобел тынчтык сыйлыгы тапшырылды. - 10-декабрда өткөн салтанаттагы сөзүндө Обама Нобел комитетинин чечимин жогору баалап, дүйнөлүк куралсыздануу ишин улантканга убада берди. Жакында эле Барак Обама Ооганстанга кошумча 30 миң жоокер жиберүү тууралуу чечим кабыл алган.
2
Өрт өчүргүчтөр Пакистандын Лахор шаарындагы жарылуудан кийин тутанган өрттү өчүрүшүүдө. - 7-декабрда Пакистандын чыгыш бөлүгүндөгү базарда орун алган кош жардыруудан 48 киши набыт болду.
3
Тегеранда өкмөткө каршы чыккан демонстранттар менен полиция ортосунда кагылышуу орун алды. - Ирандын коопсуздук күчтөрү нааразылык акциясына чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана союлдарды колдонду.
4
Климаттын өзгөрүүсүнүн адамзатына тийгизген таасирин чагылдырган скульптура - 7-декабрда Копенгагенде дүйнө лидерлери аба-ырайынын кескин жылый башташына карата чара көрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
5
Ооганстанда нааразылык акциясы өттү - 10-декабрда Ооганстандын ордо калаасы Кабулда нааразылык акциясы өтүп, демонстранттар акыркы отуз жыл ичинде аскер кылмыштарын жасагандарды жоопкерчиликке тартуу талабын коюшту.
6
Перм шаарында түнкү клубдагы өрттүн курмандыктарынын сөөгүн коюу үчүн жай казылууда - 4-декабрда Орусиянын Перм шаарындагы түнкү клубда чыккан өрт 135 кишинин өмүрүн алды.
7
Сүрөттө: Тегерандагы дүкөндөрдүн бириндеги майрамдык маанай