Орусиянын Көргөзмө борборундагы “Кыргызстан” үйүндө кыргыз маданиятынын залкар ишмерлери Чыңгыз Айтматовдун 81 жана Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдыгына карата “Кызыл алма” тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчиси Р. Аттокуров билдирди. Ал жерге маданият жана искусство өкүлдөрү, Ч.Айтматов менен С. Чокморовдун талантына таазим кылган белгилүү инсандар чакырылган.
1975-жылы Кыргызфильм студиясында белгилүү режиссер Т.Океев тарткан “Кызыл алма” көркөм тасмасында башкы ролдорду кыргыз кино жылдыздары Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаева аткарган. (GA)
1975-жылы Кыргызфильм студиясында белгилүү режиссер Т.Океев тарткан “Кызыл алма” көркөм тасмасында башкы ролдорду кыргыз кино жылдыздары Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаева аткарган. (GA)