Акча табуу аргасын кылып чет мамлекетке чыккан кыргызстандык эмгек мигранттарынын жарымынан көбү орто билимдүүлөр. Бул тууралуу Борбор Азиядагы Евразия фондунун отчетунда айтылат. “Кыргызстанга кайтып келип аткан эмгек мигранттарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн баалоо” деп аталган иликтөөдө, “гастарбайтерлер” деп аталышкан эмгек мигранттарынын азыраак бөлүгү жогорку билимдүүлөр экени белгиленет. Ал гана эмес акча табуу аргасын кылып орто билими жоктор да чет мамлекеттерге чыгышкан. Евразия фонду жүргүзгөн сурамжылоолорго ылайык, эмгек мигранттарынын 58,3 пайызы турмуш кургандар. Эмгек мигранттарынын элүү пайыздайын 21-30 жаш арасындагы жаштар түзөт. 31 жаштан 50 жашка чейинкилер үчтөн бирин түзөт. Ал эми 51 жаштан жогорку эмгек мигранттары жокко эсе. (IJz)