Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Эки оппозиция өкүлүнүн соту бир күндө болот


Келаткан аптада оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрү, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков менен мурдагы тышкы иштер министр Аликбек Жекшенкуловдун соту болот. Экөөнүн тең соту 17-декабрда уланмакчы.

Экс-министрлердин экөөнө тең мурда кызматта турган маалында бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдаланышкан деген айып тагылган. А.Жекшенкуловго каршы анын белекке алган тапанчасынан түрк ишкери өлтүрүлгөн деген да айып тагылган. Бул эки саясатчы тең аларга тагылган кылмыш иштерин саясий буюртма катары баалап келатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG