Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Данияда жүздөгөн демонстранттар бошотулду


Жүздөгөн активисттер өлкө башкалаасы Копенгагендеги кечээги демонстрациянын учурунда кармалган эле. Алар көчөгө глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн дүйнө өлкөлөрүн абага булганыч газдардын бөлүнүшүн чындап кыскартууга милдеттендирген келишимге жетишүү талабы менен чыгышкан. Дания полициясынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, кечээ кармалган 968 адамдын азыр абакта 13ү гана калды. Учурда Копенгагенде БУУнун климат боюнча 192 өлкө катышкан конференциясы өтүүдө. Жыйын өтүп жаткан жайды көздөй 40 миңдей адам катышкан жүрүш негизинен тынч мүнөздө болду. Полиция демонстранттарды алардын айрым өкүлдөрүн айнектерди талкалап, имараттарга зыян келтире баштаганда камады. Кечээги жүрүш дүйнөнүн 67 өлкөсүнүн 515 уюму тарабынан өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG