Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Ирандын жогорку лидери оппозицияны айыптады


Аятолла Али Хаменеи бүгүнкү телекайрылуусунда реформачыл оппозицияны мыйзамды бузганы жана ислам республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Хомейнини кордогону үчүн айыптады. Ага катар Жогорку лидер оппозициядан кордоо үчүн ким жоопкер экенин аныктап берүүнү талап кылды. Мурдараак Ирандын расмий маалымат каражаттары дүйшөмбү күнкү демонстрация учурунда Хомейнинин сүрөт оппозициячыл маанайдагы студенттер тарабынан тытылганын билдиришкен. Демонстрация бийлик тарабынан уюшулган болчу, бирок оппозиция аны өкмөттүн өзүнө каршы колдонгондо кагылышуулар орун алган. Ал эми оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусавинин ырастоосунда, Рухолла Хомейнини кордоо фактысы - бийлик тарабынан атайы киргизилген тыңчылардын колунан келген иш.

XS
SM
MD
LG