Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Исмаил Исаковдун тарапкерлери митингге чыгат


Мурдагы коргоо министрин колдогон нааразылык чара 17-декабрга белгиленип жатканын “Азаттыкка” И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зекиров билдирди. Анын айтымында, алар митинг өткөрүүгө уруксат алыш үчүн жергиликтүү бийликке 6-декабрда арыз жолдошкон. “Митинг өткөрүү тартиби боюнча акция өткөрүш үчүн уруксат сурап, 12 күн мурда арыз бериш керек экен. Арыз берип койдук. Бирок биз ошол убакытты иш эмес күндөрдүн эсебинен созулуп, 17-декабрдан кийин болуп калат деп кооптонуудабыз. Бирок уруксат берилбей калган күндө да биз 17-декабрь күнү акциябызды баштай беребиз”,- деди Таалайбек Зекиров.

Учурда Алайда кол топтоо иштери улантылып жатат. Азыр кол койгондордун саны 1600 кишиден ашкан. 30-ноябрдагы сотто мамлекеттик айыптоочу мурунку коргоо министрин сегиз жылга эркинен ажыратууну, аскердик чинин алып, үй-мүлкүн конфискациялоону суранган.

И. Исаков өзүнө карата кылмыш иши саясий буюуртманын негизинде ачылганын айтып келет. Сот бул ишти 17-декабрда карайт жана ушул күнү чечим чыгаары болжолдонуп жатат. (AzK )

XS
SM
MD
LG