Он чакты бейөкмөт уюмдар чогуу тараткан маалыматта жарандык коом саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин кайра кызматына келүүсүнө кабатырлыгын билдирген. Анда былтыр азыркы кызматынан бошотулган М. Каратаевдин кызматынан кетүүсүнө –кант диабети менен ооругандар пайдалануучу инсулин ийнелеринин жөнөкөй ийнелерге алмаштырылышы себеп болгон деп белгиленип, “буга жол берген адам кайра саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчи кызматына келүүгө укугу жок,” деп айтылат.
Ал эми саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын "Азаттыкка" маалымдашынча инсулин чатагы боюнча болгон соттук териштирүүдө бул чатакка М. Каратаевдин тиешеси жоктугу аныкталып, чекит коюлган.(ZKo)