Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:57

Сомдун курсу төмөндөп баратат


АКШ долларына болгон талаптын күчөөсүнөн улам бүгүн акча базарында 1 доллар 44 сомдон ашып түштү. Сомдун курсу мындан ары төмөндөөсүнө жол бербөө аракетинде Улуттук банк бүгүн 2,4 млн. долларды акча базарына чыгарды. Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 43 сом 9768 тыйын. Ал эми акча базарындагы баалар боюнча 1 АКШ доллары орто эсеп менен 44 сом 15 тыйын болуп жатат. Акыркы жумаларда евронун баасы да ылдыйлаганы байкалууда. 29-ноябрда расмий курсу 66 сом 26 тыйын болуп жаткан евронун бүгүнкү расмий баасы 64 сом 81 тыйын.(ZKo)

XS
SM
MD
LG