Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

ЕККУ ИИМге жаңы принциптер менен иштөөнү үйрөтүүдө


Балыкчы шаарындагы бул үч күндүк окутуу иш-чарасына Ички иштер министрлигинин баардык жерлердеги бөлүм башчылары катышып жатат. Анда Түркия, Эстония жана Литвадан келген адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. ЕККУдан маалымдашкандай, семинар оболу кыргыз милиция кызматкерлерине алардын ишинде коомдун кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керектигин түшүндүрүүгө багытталган. Алатоолук айрым укук коргоочулар кыргыз милициясына берген жардамдары натыйжасыз, окутуу, материалдык жардам көрсөтүү иш-аракеттерине карабай тартип коргоо органдары адам укуктарын сактабайт, абактарда кыйноолор күчөдү деп ЕККУну сындап келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG