Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Өкмөт башчы жаңы министрди тааныштырат


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда бүгүн премьер-министр Данияр Үсөнов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаңы жетекчисин тааныштырат.

Буга чейин 10-декабрда өкмөттүн жыйынында Данияр Үсөнов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корундагы 18 млн. сомду министр Камчыбек Ташиев мыйзам бузуу менен пайдаланганын жана андай иштер кайталанса кызматтан аларын билдирген. Буга жооп кылган Ташиев кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып берерин билдирип, өкмөттүн жыйынынан чыгып кеткен эле. 11-декабрда берген арызына байланыштуу Камчыбек Ташиевди кызматтан бошотуу тууралуу жардыкка президент кол койгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG