Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

“Ата Журт” кыймылы: Өкмөт эл үчүн иштөөгө тийиш


Чет жакта жашаган кыргызстандыктар түзгөн “Ата Журт” кыймылы бүгүн тараткан билдирүүдө кыргыз өкмөтүн бааларды кымбаттатып, салыктарды көбөйтүүнүн ордуна Камбар-Ата-1-2 ГЭСтеринин курулуштарын убактылуу токтото турууну сунуш кылынган. Мындан тышкары энергетикага бааларды жогорулатууну жыл сайын 20% беш жыл аралыгында ишке ашыруу, кыймылсыз мүлк салыгын да ушундай эле ыкма менен акырындатып киргизүү ылайык болот деген пикир айтылган. “Дүйнөлүк банктын маалымдаган Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы жакырчылыкка кабылуучу 15 миллион элдин ичинде өнүгүп келе жаткан мамлекет –Кыргызстан да бардыгы талашсыз. Бирок биздин өкмөт элди жакырчылыкка батырбоонун аракеттерин көрүүнүн ордуна, миллиарддаган каражаттарды талап кылган ири курулуштарды баштап, салыктарды көбөйтүп, энергетикага бааларды кымбаттатып жатат. Муну менен кыргыз өкмөтү элин жакырчылыкка өзү атайылап түртүп жатат. Эл өкмөт үчүн эмес, өкмөт эл үчүн иштеши керек,” деп белгилешет билдирүү ээлери. Ошондой эле анда өкмөт бюджеттин таңкыстыгын жабуунун жолун билбесе, мамлекетти эффективдүү башкарууну киргизүүнү, коррупцияны жоюуну жана демократиялык калыптанууну баштоосу тийиш, деп айтылат.

“Ата Журт” кыймылын Түркия, Англия, Германия, Орусия, Франция, АКШ жана Кытайда жашап, иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык жарандар түзүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG