Дүйнөлүк каатчылык капшабы облустун өнөр жай тармагында сезилүүдө. Жүк тартуучу оор автоунаалар жетишсиз “Макмал алтын” кенинде алтын ылгоонун көлөмү азайды. Каржы тартыштыгынан улам акциянын басымдуу бөлүгүн Орусия алган Майлуу-Суу шаарындагы заводдо электр шамдарын чыгаруу көлөмү кыскарды. Жалал-Абаддагы “ Нур” ишканасы менен келишим түзүүдөн “Женерал моторс Өзбекстан” аттуу ишкана баш тарткан. Каражат жана чийки өнүмдөрдүн жетишсиздигинен облустун кайра иштетүүчү бир нече ишканаларында иш токтогон. (YA)