Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Болот Жанузаковдун саламаттыгы дурус


Бул тууралуу анын бир тууган иниси Канат Жанузаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Б.Жанузаковдун башын томография жасоого даярдык көрүлүүдө. Ноокас болсо №4 травматологиялык оорукананын дарыгерлерине ыраазычылык билдирди.
Коопсуздук кенешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаковду 9-декабрда кечинде үйүнүн кире беришинде белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Анын жакын туугандары бул кол салууну саясат менен байланыштырып жатышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG