Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

К.Бакиев: Кыргызстанда соттор коомдук ишеничке ээ болууда


Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын Жогорку Сотунун 85 жылдык мааракесине арналган иш-чарада президент Курманбек Бакиев сот системасынын көз карандысыздыгын бекемдөө максатында көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, аны реформалоонун шарттарына жана негизги милдеттерине басым жасады. “Сот системасы өлкөгө, жарандардын укугун коргоого, бизнести өнүктүрүүгө, жаратылышты сактоого, жалпы келечегибизге кызмат кылсын үчүн биз колдон келгендин баарын жасоого тийишпиз”, деди президент.

Эскерте кетсек, кечээ коомдук парламенттин отурумунда оппозиция өкүлдөрү бүгүнкү күндө сот системасында адилетсиздик өкүм сүрүп жатканын белгилешкен. Алар буга бир катар оппозиция өкүлдөрүнө карата козголгон кылмыш иштери жана Петровка, Балыкчы окуяларына байланыштуу сот процесстеринин улам созулуп, акыр аягына чыкпай жатышын далил катары белгилешти. (AzK)

XS
SM
MD
LG