Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башкы инспектору Рахматилло Ахмедовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Александр Евграфов өзүнө карата болгон кол салуу боюнча шаардын ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине да арыз менен кайрылган эмес. Учурда анын кайда экендиги белгисиз жана ИИМ аны менен байланыша албай жатат.
Буга чейин “Балт Инфо” маалымат агенттигинин шеф-редактору Владислав Краев Евграфовго кол салуу болгондугун тастыктап, ал муну журналисттин профессионалдык ишмердигине байланыштуу болду деген оюн билдирген. Анткени Александр Евграфов Борбор Азиядагы абалга байланыштуу макалаларды даярдап, жарыялап жүргөн.(AzK)