Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Белгилүү орус экономисти Егор Гайдар каза болду


Орусиянын белгилүү экономисти, 90-жылдардагы реформатор Егор Гайдар бүгүн эртең менен Москванын жанындагы өз үйүндө каза болду. Ал 53 жашта эле. Өлүмүнүн алгачкы аныкталган себеби – кан-тамыр оорусу. Егор Гайдар мурдагы президент Борис Ельциндин тушунда советтик экономиканы рынок экономикасына өткөрүү маалында жылдызы жанган. Ал экономика жана каржы министри болуп иштеп бир учурда өкмөттү да башкарган. Акыркы жылдарда Өткөөл мезгилдин экономикасы институтун башкарып аткан.

XS
SM
MD
LG