Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Токтосунов Кубанычбек Абдышевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Маалыматка караганда, К.Токтосунов 1986-жылы СССР Ички иштер министрлигинин Карагандыдагы жогорку окуу жайын аяктаган. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук кызматында иштеген. (AJ)