Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

“Ош шамын” оолугуп коркуткан кимдер?


«Ош шамы» гезитине белгисиз бирөөлөр «Унутпагыла, силер бутада турасыңар!» деген жазуусу бар ок оролгон эскертүү баракчасын таштап кетишкен. Басылма жамааты муну журналисттерди коркутуу, сөз эркиндигин ооздуктоо аракети катары баалоодо. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы факты боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө башталгандыгын жарыялады.

"Ош шамы" гезитинин баш редактору Тургунбай Алдакулов
“Ош шамы” гезитинин баш редактору Тургунбай Алдакуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, 15-декабрда саат 11.00 ченде белгисиз адамдар редакцияга жаңы жылдык куттуктоо катын таштап кетишкен. Абайлап карашаса, ичинен жабылган конверт чыккан. Аны ачышканда, атыла элек ок жана куш тилиндей баракчалар табылган.

- Конвертти ачып көрсөк, ичинен бир даана ок жана компьютерде терилген каттар чыкты, - деп эскерет Тургунбай Алдакулов. – Бирок ал жерде тексттер өтө профессионалдык деңгээлде жазылган. Андан тышкары окуганда адамдын психологиясына катуу таасир этчү сөздөр пайдаланылган. Чындыгында, эскертүү кесиптик ишмердүүлүгүбүзгө тыгыз байланышкан. Мен муну бизге мурун да жөнөтүлгөн SMS билдирүүлөрдүн уландысы деп эсептеймин.

Баш редактор муну жөн гана коркутуу эмес, журналисттердин өмүрүнө кол салуу аракети катары баалоодо. Анын баамында, акыркы мезгилде “Ош шамында” чоңдорду көбүрөөк сындаган макалалар жарык көрүүдө. Бул ошол материалдардын авторлоруна эскертүү иретинде жасалышы толук ыктымал.

Күбөлөрдүн айтымында, каттын биринде “Муну жыттагылачы, ошондо билесиңер. Бул мээңерди тазалаганга өтө таасир этүүчү «дары». Силер ар дайым бутада турганыңарды унутпагыла. Ошондуктан, ойлонгула! Бизге ушунчалык эркелегениңер жетишет!” деп жазылган.

Ал эми экинчи баракчанын мазмуну мындайча: “Силердин сөзүңөр түккө арзыбайт. Мүмкүн ага татыйттыр. Балким, силердин жаштыгыңардын куну менен өлчөнөттүр. БУЛ СИЛЕРГЕ БИЗДИН “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК АНОНС”. ОКТУН ДАГЫ ЭКӨӨСҮ АК ДҮКӨНҮНДӨ САКТАЛУУ ТУРАТ. Азырынча муну гумандуу жүрүш катары эсептегиле!! Бирок жакшылыкты билбегендер качандыр бир жазаланууга тийиш!!” – деген эскертүүлөр камтылган.

Кубаныч Жолдошев
“Ош шамы” гезитинин кабарчылар түйүнүнүн жетекчиси Кубаныч Жолдошев жоболоңдуу окуя кесиптештеринин үрөйүн учургандыгын жашырган жок:

- Бул эмненин огу, тапанчаныкыбы же башканыкыбы, билген жокпуз. Бул жерде жүргөн опер кызматкерлер жана эксперттер автоматтыкы экендигин айтышты. Куш тилиндей каттардын ичиндеги сөздөр жүрөктүн үшүн алып жатпайбы. Албетте, кесиптештерим бүт шок болуп олтуруп калдык.

Кубаныч Жолдошевдин болжолунда, өзүнүн сабалышы, андан кийин баш редактору экөөнү чөнтөк телефонуна SMS жөнөтүп коркутуу, эми минтип атыла элек октун редакцияга ташталышы сынга териккен аткминерлер тарабынан жасалышы мүмкүн.

Бул аралыкта Оштогу журналисттер коомчулугу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугу камсыз этилбей аткандыгына тынчсыздануу билдиришүүдө. Алар ошондой эле мамлекеттик гезиттин кызматкерлеринин укугун коргоого кызыкпаган шаар бийлигин кескин түрдө сындашууда.

Медиа-серепчи Абдырайым Мамытовдун пикиринде журналисттердин өмүрүнө кол салуу же коркунуч жаратуу соңку жылдары көнүмүш адатка айланды. Мындай көрүнүштүн күчөшүнө баарынан мурда мамлекеттик органдар айыптуу. Мындай жоруктарды укук коргоо органдары убагында ооздуктабаса, анын акыры орду толгус жоготууларга дуушарлантаары анык:

- Албетте, жаман жышаан. Мурдагы изи сууп бараткан кылмыштардын бетин ачып, экинчиден жаңыдан болуп аткандарына убагында реакция жасап, чукул чараларды көрүү абзел. Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшү туурасында бийлик да, укук коргоо органдары да жамы журтту кабардар кылып туруусу кажет. Ансыз коомдогу айрым күчтөрдө ушундай кылса боло берет турбайбы өңдүү маанай өкүм сүрүп бараткандай.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча коңгуроо кагуу эртелик кылаарын айтууда. ИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Ош шамы” гезитине байланышкан окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталгандыгын маалымдады:

- “Ош шамы” гезитиндеги акыркы окуя боюнча, Кылмыш-Жаза Кодексинин 113-беренеси боюнча өлтүрөм деп коркутуу болуп саналат, кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Бир нече версиялар караштырылууда. Алардын арасында аталган гезитте эмгектенген журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу ыктымал деген жоромол да териштирилүүдө.

Замир Сыдыков эгерде “Ош шамы” басылмасынын баш редактору Тургунбай Алдакуловдун жана кабарчылар түйүнүнүн башчысы Кубаныч Жолдошевдин өмүрүнө чындап коркунуч туулса, алар өздөрү өтүнүч менен кайрылышса, экөөнүн тең коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаардык милиция жансакчы бөлүп берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG