Ирак өкмөтү автомашиналарга коюлган бомба жарылганга чейин алдын ала берилген маалымат үчүн 85 миң доллар сыйлык белгиледи. Премьер-министр Нури ал-Малики бул планды Багдадда кечээ –шейшембиде үч жерде болгон жардыруудан кийин жарыялап отурат. Ал ирет 4 адам каза таап, дагы он төрт киши жаракат алган. Ирак өкмөтү, ошондой эле, коопсуздукту тургундар менен бирге камсыз кылуу боюнча координациялык комитет түзүүнү да мелжеп атат.