Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

НАТО Орусияны Ооганстан боюнча бирге иштешүүгө чакырды


Баш-катчы Андерс Фог Расмуссен кечээ орус президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министри Владимир Путин менен сүйлөшүп, Орусияны “ооган согушунда” бирге кызматташууга чакырды. “Эгерде ооган миссиясы ишке ашпай калса, терроризм Борбор Азия аркылуу Орусияга коркунуч алып келет”, - деп айтты Расмуссен. Путин болсо “Эки тарап айрым маселелерде талашып-тартышканы менен, кызматташуу уланып жатканын” белгиледи. Бүгүн НАТОнун баш-катчысынын Москвага сапары аяктайт. Ал Мамдуманын спикери, Коопсуздук кеңешинин башчысы менен сүйлөшүп, МГИМОнун студенттери менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG