Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Ош: Кара-Суу жана “Амир-Темирге” бүгүн газ берилет

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ошгаз” башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматов билдирди. Өзбекстанда газ кууру кырсыкка учурап Оштун Кара-Суу району менен Ош шаарынын “Амир Темир” кичи району үч күндөн бери газсыз калган. 15-декабрда түнү Кыргызстандын газга болгон карызы үчүн расмий Ташкент Жалал-Абатка көгүлтүр отун берүүнү токтоткон. Ал арада “Кыргызгаз” Өзбекстанга карыздан толук кутулганын кабарлады. Аталган ишкананын жетекчилери эмдиги жылга газ сатып алууну сүйлөшкөнү 20-декабрда Өзбекстанга жөнөп кетишмекчи. (EBM)
XS
SM
MD
LG