Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

А.Жекшенкуловдун соту 24-декабрга жылдырылды


Бүгүнкү соттук отурумга судья келе электе эле мамлекеттик айыптоочу эки адвокаттын кечиккенинен улам соттук териштирүүнү 24-декабрга жылдырылганын жарыялады.

Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министринен түшкөндөн кийин, оппозицияга өткөндө ага Кытайдан келген грант аркылуу министрликтин имаратында жүргүзүлгөн ремонт учурунда казынага 690 миң сомдук зыян келтирген деген кине менен кылмыш иши козголгон болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында, анын 2006-жылы өкмөттөн белекке алган тапанчасынан Таласта түрк ишкери Сервет Четин атып өлтүрүлгөн делип шектелип айып тагылып, камакка алынган. Ал мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын абагында беш ай камакта жатып, август айында үй камагына чыгарылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG