Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:11

Чалгынчылар Иран талип согушкерлерине жардам берүүдө деп ырасташат

АКШнын Ооганстандагы элчиси Карл Айкенберри “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргенине караганда, чалгынчылардан Иран же Ирандагы айрым адамдар талип согушкерлерин курал-жарак менен камсыздоону жана аларды машыктырууну улантууда деген маалыматтар түшүүдө. Элчи мындай жардам “үзүл-кесил” берилгени менен, ал “Ооганстандын чыгыштагы коңшусунун жаман ниетин далилдейт” деди. Айкенберри президент Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясынын алкагында эмки 2 жыл ичинде АКШ өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын көбөйтөт деп кошумчалады.
XS
SM
MD
LG