Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Казакстан Кытайга миллион гектар жер берет


Кытай Казакстанга 10 млрд. доллар убада кылды. 2009-жыл, 12-декабрь
Кытай Казакстанга 10 млрд. доллар убада кылды. 2009-жыл, 12-декабрь

Кытайдын Астанадагы элчиси Пекиндин жер сурап атканы тууралу маалыматты билбей турганын айтты. Ошону менен ал коомчулуктун көңүлүн Н.Назарбаевдин билдирүүсүнө ого бетер бурду.

«Казакстан Кытайга бир миллион гектар жер берет экен» деген маалыматтын тарашына президенттин өзү себепкер болду. Бул аңыз кеп кең Казакстанда азыр кызуу талкууга алынууда. Ал арада 17-декабрда Алматада жыйын өтүп, анда карапайым казактар бийликтин мындай планына нааразылык билдиришти.

Кытай элчиси билбеген миллион гектар

Нурсултан Назарбаев 4-декабрда чет элдик инвесторлор менен жолугушуу маалында Кытай Казакстанга 1 миллион гектар жерди айыл
Президент Н.Назарбаев 1992-жылы казактын талаасында
чарба долбоору үчүн сурап жатканын айткан эле. Анын билдирүүсү боюнча Кытай ал жерге тоют үчүн соя баштаган өсүмдүктөрдү айдамакчы.

Мунун чындыгы барбы же жокпу – азырынча так айтуу кыйын. Айрым талдоочулар, батыштагы инвесторлорду Казакстанга азгыруу максатында Н.Назарбаев муну атайын эле айтып коюшу ыктымал дешүүдө.

Анан калса Алматадагы «КазТАГ» маалымат агенттиги 9-декабрда Пекиндин Казакстандан жер сурап атканы тууралу маалыматты Кытайдын бул мамлекеттеги элчиси биринчи жолу угуп жатканын айтты, деп жазды.

«Кытайдын Казакстандагы элчиси Чэн Гопин анын мамлекетинин бир миллион гектар казак жерин соя баштаган тоют өсүмдүктөрү үчүн сурап атканы тууралу маалыматтан кабары жоктугун айтты. Ал бул тууралу шаршембиде маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди», деп жазды «КазТАГ» агенттиги.

«Чынымды айтсам, мен бул тууралу биринчи угуп атам. Албетте, Казакстан менен Кытай айыл чарба жаатында көп пландуу жана мазмундуу кызматташат. Бирок андай кызматташуу эки өкмөттүн көзөмөлү менен цивилизациялуу нукта ишке ашат», деген Кытай элчисинин сөзүн цитатага тартат «Каз ТАГ».

Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Арман Евниев «Азаттыкка» берген интервьюсунда, Германия, Италия, Чехия, Жапония сыяктуу мамлекеттер айыл чарба боюнча долбоорлорду ачабыз дегени менен, азырынча чет жактан бир да олуттуу сунуш түшө элек.

Негизги себеп - биринчиден, жаратылыш шарты, экинчиден, тарнспорт баштаган инфраструктуранын өнүкпөгөнү. Ошого карабай казак бийликтери 3,5 миллион гектар жерди айыл чарба үчүн чет элдик инвесторлорго берүүгө даяр.

«Долбоор быйыл ишке кирет!»

Ал эми бир миллион гектар жер Кытайга берилеби же жокпу деген суроого карата Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Арман Евниев «Бир миллион гектар тууралу айта турган болсок, чындыгын айтканда, мен ушундай деп ойлоп турам – кеп аны берүү же бөлүү тууралу эмес, бир миллион гектар жерди иштетүү тууралу болуп атат», деди.

Ошону менен бирге А.Евниев Кытай менен жер иштетүү долбоору быйылтан баштап ишке кире баштаарын да жашырган жок. «Быйыл балким он же он беш миң гектар жерге ушул долбоордун алкагында соя отургуза баштайбыз. Азыр Казакстанда 70 миң гектардай аянтта соя бар», - деди чиновник.

«Ху Цзинтао мырза, казак жерин сизге бербейбиз!»

Ал арада 17-декабрда Алматыда бир катар казактар жыйын курушту, ал жерде жер маселеси да козголду. «Азат» социал-демократиялык
Кытай консулдугунун жанына чыккандар: "Ху Цзинтао мырза, жер бербейбиз!". Алмата, 2009, 11-декабрь
партиясынын теңтөрагасы Болот Абилов Кытайга жер берүүнүн кесепетин уу-дуу түшүп турган аламан элге минтип эскертти:

«Урматтуу туугандар! Урматтуу кандаштар! Мен бир гана маселе – жер тууралуу – гана айтам! Бир миллион гектарды Кытайга берсек эгер бир гектарда 15 адам иштесе 15 миллион адам Кытайдан келет. Ошол 15 адамдын бирөө эле бир жылда бирден бала тууса – бүттү! – 50 жылдын ичинде 50 миллион кытай Казакстанда болот. Ошондуктан ушул жер берүү маселесин токтотолу! Назарбаев айтты ушул маселени!»

Эл оопзициялык партиянын лидеринин бул сөзүн дуулдата кол чаап, кубаттап турушту.

Айрым патриоттор Кытайдын Алматадагы консулдугуна келишип, казак жерин Кытайга берүүгө эл каршы экенин билдирген кат тапшырууга аракет кылышты. Айрымдары колдоруна «Ху Цзинтао мырза, биз сизге казак жерин бербейбиз!» деген ураан көтөрүп алышкан.

Мурдагы элчинин тынчсыздануусу

Мухтар Ауэзов Кытайга этият мамиле зарыл, дейт

1992-жылдан 1995-жылга чейин Казакстандын Кытайдагы элчиси болуп иштеген, билгилүү маданият таануучу Мурат Ауэзов президент Н.Назарбаевдин демилгесине өтө этияттык менен мамиле кылуу керектигин «Азаттыкка» айтты.

« - Бул долбоор көп сандаган адамдарды Кытайдан көчүрүп келүү менен байланышкан, - дейт М.Ауэзов. - Ким айдап, ким иштетип, аны ким сатат? Биз Кытайдын стратегиялык кызыкчылыгы эмнеде экенин билебиз. Ал башкы кызыкчылык үчүн Кытай болгон баардык терминдерди колдонот».

Мурат Ауэзов андан ары Кытайды адамдын көңүлүн алуунун, пара берүүнүн жеткен чебери, деди.

«- Кытайлыктар ар кандай деңгээлде пара берүүнүн машыккан чеберлери. Эми кытай соя өстүрүү үчүн Казакстандан бир миллион эки жүз миң гектар жерди кантип сурап атат? Бул деген Кытай – биздин президенттин бир эле жолку соңку сапары учурунда Казакстанга 10 миллиард доллар кредит берип отурат!»

М.Ауэзов президент Н.Назарбаев барыдан мурда Казакстандын коопсуздугун эске алып, Кытайга айыл чарба долбоорлору үчүн жер бербейт, деп ишенет. Эгер жер бериле турган болсо, М.Ауэзовдун пикиринде, анда Казакстанды накталап колонияга айлантуу иши башталганы.

Ал арада Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао өткөн аптада Казакстанга келип, казак-кытай газ кууру боюнча аземге катышып кетти.

XS
SM
MD
LG