Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Испания Ооганстанга дагы 511 аскер жиберет


Өлкөнүн коргоо министри бул тууралуу парламентте сүйлөп жатып, алар ооган аскерлерин машыктырууга жана Бадгис вилоятында коопсуздукту камсыз кылганга катышат деп айтты. Испаниянын аскерлеринин жалпы саны ошондо 1,5 миңге жетет. АКШнын президенти Барак Обама ооган жерине кошумча 30 миң америкалык аскер жибериле турганын жарыялап, НАТОго мүчө мамлекеттерди да ооган согушуна кошумча аскер жиберүүгө чакырган эле.

XS
SM
MD
LG