Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Билим берүү министрлиги университеттер абалын талкуулайт


Билим берүү жана илим министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, коллегиянын бүгүнкү жыйынында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын окуу-материалдык абалы талкууланат. Талаптарга жооп бербеген университеттерге катуу чара көрүү, филиалдарды жоюу маселеси каралат. Өткөн аптада Билим берүү министрилиги мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу көйгөйлөрүн талкуулаган болчу. Анда шаардык, райондук билим берүү мекемелеринин башчыларына сөгүш жарыяланган. Бишкектеги айрым мектеп деректирлери кызматтан алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG